User Tools

Site Tools


ky:quickstart:create_organisation

This is an old revision of the document!


Уюмду каттоо

1-кадам: https://adhocracy.plus/accounts/signup дареги боюнча adhocracy + платформасына катталыңыз. Мүмкүн болушунча уюмуңуздун электрондук почтасынын дарегин пайдаланыңыз. 2-кадам: Биз менен start@adhocracy.plus аркылуу байланышыңыз жана төмөнкү маалыматтарды жибериңиз: • adhocracy + платформасындагы Сиздин колдонуучу атыңыз (Username) жана Сиз колдонгон электрондук почтанын дареги, • Уюмуңуздун аталышы, жайгашкан орду жана веб-сайтынын URL-дареги. 3-кадам: биз Сиздин сурамыңызды карап чыгып, 3 жумуш күнү аралыгында Сиз менен байланышабыз. Андан соң Сиздин уюм боюнча тууралоо жасалып, Сиздин каттоо эсебиңиз уюм үчүн демилгечи катары активдештирилет. Башка демилгечилер кийинчирээк кошулушу мүмкүн. 4-кадам: Сиздин уюмуңуз боюнча тууралоо жүргүзүлгөндөн кийин, Сиз дашборд панели аркылуу өзүңүздүн долбоорлоруңузду башкара аласыз. https://manual.adhocracy.plus дагы биздин нускамалар алгачкы тапта Сизге жардамчы болот. adhocracy+ акысыз пайдалануу Акысыз пайдалануу үчүн төмөнкү шарттар коюлган: • Электрондук почта аркылуу сурам боюнча биз Сиздин уюмуңуз үчүн алкакты ачабыз, ага кийин https://adhocracy.plus/yourorganisation шаблону негизинде URL-дарек аркылуу жеткини алууга болот. • Сиз чексиз санда долбоорлорду түзүп, катышуунун бардык модулдарын колдонсоңуз болот. • Сиз Сиз жактагы бүтүндөй контент үчүн юридикалык жактан жоопкерчиликтүүсүз жана adhocracy + платформасында тийиштүү түрдө жүйөөлүү маалыматтарды толтурушуңуз керек. • Биз колдоо сурамдарына электрондук почта аркылуу (help@adhocracy.plus) эң кеч 3 жумуш күнү ичинде жооп беребиз. • Кыянаттык же кылмыш иш-аракеттери жасалганда уюмду тосмолоого укугубуз бар.

ky/quickstart/create_organisation.1618218473.txt.gz · Last modified: 2021/04/12 09:07 by l.thueer@liqd.net