User Tools

Site Tools


ky:quickstart:user_manual

Колдонуучулар үчүн нускама

adhocracy+платформасында колдонуучу катары кантип катталуу керек

Колдонуучу профилин түзүү үчүн үстүңкү оң бурчтагы «Катталуу» («Register») баскычына басыңыз. Каттоо үчүн колдонулган электрондук почтанын дарегин жазып, сыр сөздү белгилөө керек. Мындан сырткары, колдонуучулар да каттоо учурунда колдонуучу атын жазышат, ал пикир калтырууда көрүнүп турат. Колдонуучу аты катары лакап атты жазууга болот. Катталгандан кийин Сиз тастыктоо үчүн шилтеме берүү менен электрондук катты аласыз. Сураныч, тастыктоо үчүн шилтемеге басыңыз. Андан соң Сиз профилиңиздин маалыматтары менен системага кирип, онлайн-режимде катышсаңыз болот.

Жабык долбоорго чакыруу алгандан кийин колдонуучу катары кантип катталууга болот

Долбоордун демилгечилери ага белгилүү бир адамдар гана катышкан учурда долбоорду жабык деп белгилей алат. Мындай жабык долбоорго чакыруу менен электрондук катты алгандан кийин «Чакырууну кабыл алуу» баскычына басыңыз. Эгерде Сиз мурунтан adhocracy + платформасында катталган болсоңуз, Сиз болгону системага кирип, жабык долбоорду карап чыгышыңыз керек. Эгерде Сиз ушул убакытка чейин adhocracy + колдонуучусу болбосоңуз, Сиз азыр катталышыңыз керек (мурунку кадамда сүрөттөлгөндөй). Электрондук почтанын дарегин Сиз тастыктагандан кийин, Сиз adhocracy + платформасыдагы жабык долбоорго кайра чакыруу аласыз. Же Сиз электрондук почта боюнча чакыруудагы шилтемеге дагы бир жолу бассаңыз болот.

adhocracy+ колдонуучусу катары системага кантип кирүү керек

Колдонуучу катары системага кирүү үчүн үстүңкү оң бурчтагы «Кирүү» («Login») баскычына басыңыз. Сизге колдонуучу атыңыз же электрондук почтанын дареги жана тийиштүү сыр сөз талап кылынат.

Долбоордун серебин кантип табууга болот

Эгерде Сизди катышууга чакырышса, уюмга шилтеме тийиштүү уюмдун баракчасын Сизге ачат.

Эгерде Сиз бир аз астыга жылдырсаңыз, бул баштапкы баракчадагы бардык долбоорлорду таба аласыз. «Кошулуу» («Join in») баскычын басуу менен Сиз долбоорго катыша аласыз. Чыныгы: катышуунун канча күнү калганы көрүнүп турат.

Долбоорго кантип катышуу керек

Долбоордо колдонулуучу модулдарга жараша Сиз пикир калтырып, идеяларды түзүп же башка адамдардын идеяларын жана пикирлерин баалай аласыз. «Follow» функциясын колдонуу менен Сиз долбоор үчүн билдирүүлөрдү активдештирсеңиз болот. Ошентип, Сиз дайыма талкуунун учурдагы абалы тууралуу билип турасыз. Билдирүүлөрдү каалаган учурда ошол эле жерде өчүрүүгө

Өзүңүздүн каттоо эсебиңиздин тууралоосун кантип өзгөртүү керек

Сиздин каттоо эсебиңиздин тууралоосуна жетки үчүн үстүңкү оң жактагы кошумча баракты колдонуңу. Ал жакта Сиз өзүңүздүн колдонуучу атыңызды, профилдин сүрөтүн, сыр сөздү, электрондук почтанын дарегин жана башкаларды өзгөртсөңүз болот.

ky/quickstart/user_manual.txt · Last modified: 2021/04/12 13:22 by l.thueer@liqd.net