User Tools

Site Tools


ky:quickstart:create_organisation

This is an old revision of the document!


Уюмду каттоо

1-кадам: https://adhocracy.plus/accounts/signup дареги боюнча adhocracy + платформасына катталыңыз. Мүмкүн болушунча уюмуңуздун электрондук почтасынын дарегин пайдаланыңыз.

2-кадам: Биз менен start@adhocracy.plus аркылуу байланышыңыз жана төмөнкү маалыматтарды жибериңиз:

  • adhocracy + платформасындагы Сиздин колдонуучу атыңыз (Username) жана Сиз колдонгон электрондук почтанын дареги,
  • Уюмуңуздун аталышы, жайгашкан орду жана веб-сайтынын URL-дареги.

3-кадам: биз Сиздин сурамыңызды карап чыгып, 3 жумуш күнү аралыгында Сиз менен байланышабыз. Андан соң Сиздин уюм боюнча тууралоо жасалып, Сиздин каттоо эсебиңиз уюм үчүн демилгечи катары активдештирилет. Башка демилгечилер кийинчирээк кошулушу мүмкүн.

4-кадам: Сиздин уюмуңуз боюнча тууралоо жүргүзүлгөндөн кийин, Сиз дашборд панели аркылуу өзүңүздүн долбоорлоруңузду башкара аласыз. https://manual.adhocracy.plus дагы биздин нускамалар алгачкы тапта Сизге жардамчы болот.

adhocracy+ акысыз пайдалануу

  • Акысыз пайдалануу үчүн төмөнкү шарттар коюлган:
  • Электрондук почта аркылуу сурам боюнча биз Сиздин уюмуңуз үчүн алкакты ачабыз, ага кийин https://adhocracy.plus/yourorganisation шаблону негизинде URL-дарек аркылуу жеткини алууга болот.
  • Сиз чексиз санда долбоорлорду түзүп, катышуунун бардык модулдарын колдонсоңуз болот.
  • Сиз Сиз жактагы бүтүндөй контент үчүн юридикалык жактан жоопкерчиликтүүсүз жана adhocracy + платформасында тийиштүү түрдө жүйөөлүү маалыматтарды толтурушуңуз керек.
  • Биз колдоо сурамдарына электрондук почта аркылуу (help@adhocracy.plus) эң кеч 3 жумуш күнү ичинде жооп беребиз.
  • Кыянаттык же кылмыш иш-аракеттери жасалганда уюмду тосмолоого укугубуз бар.
ky/quickstart/create_organisation.1618218531.txt.gz · Last modified: 2021/04/12 09:08 by l.thueer@liqd.net