This is an old revision of the document!
Уюмду каттоо
1-кадам: https://adhocracy.plus/accounts/signup дареги боюнча adhocracy + платформасына катталыңыз. Мүмкүн болушунча уюмуңуздун электрондук почтасынын дарегин пайдаланыңыз.
2-кадам: Биз менен start@adhocracy.plus аркылуу байланышыңыз жана төмөнкү маалыматтарды жибериңиз: • adhocracy + платформасындагы Сиздин колдонуучу атыңыз (Username) жана Сиз колдонгон электрондук почтанын дареги, • Уюмуңуздун аталышы, жайгашкан орду жана веб-сайтынын URL-дареги.
3-кадам: биз Сиздин сурамыңызды карап чыгып, 3 жумуш күнү аралыгында Сиз менен байланышабыз. Андан соң Сиздин уюм боюнча тууралоо жасалып, Сиздин каттоо эсебиңиз уюм үчүн демилгечи катары активдештирилет. Башка демилгечилер кийинчирээк кошулушу мүмкүн.
4-кадам: Сиздин уюмуңуз боюнча тууралоо жүргүзүлгөндөн кийин, Сиз дашборд панели аркылуу өзүңүздүн долбоорлоруңузду башкара аласыз. https://manual.adhocracy.plus дагы биздин нускамалар алгачкы тапта Сизге жардамчы болот.
adhocracy+ акысыз пайдалануу
- Акысыз пайдалануу үчүн төмөнкү шарттар коюлган:
- Электрондук почта аркылуу сурам боюнча биз Сиздин уюмуңуз үчүн алкакты ачабыз, ага кийин https://adhocracy.plus/yourorganisation шаблону негизинде URL-дарек аркылуу жеткини алууга болот.
- Сиз чексиз санда долбоорлорду түзүп, катышуунун бардык модулдарын колдонсоңуз болот.
- Сиз Сиз жактагы бүтүндөй контент үчүн юридикалык жактан жоопкерчиликтүүсүз жана adhocracy + платформасында тийиштүү түрдө жүйөөлүү маалыматтарды толтурушуңуз керек.
- Биз колдоо сурамдарына электрондук почта аркылуу (help@adhocracy.plus) эң кеч 3 жумуш күнү ичинде жооп беребиз.
- Кыянаттык же кылмыш иш-аракеттери жасалганда уюмду тосмолоого укугубуз бар.