User Tools

Site Tools


ky:quickstart:why_participation
no way to compare when less than two revisions

Differences

This shows you the differences between two versions of the page.


ky:quickstart:why_participation [2021/04/12 13:27] (current) – created l.thueer@liqd.net
Line 1: Line 1:
 +====== Электрондук катышуу үчүн 6 себеп ======
 +Эгерде Сизге өтө оор чечимди кабыл алуу, чоң долбоорду пландоо же топту жетектөө керек болсо, Сиз төмөнкү суроолорго туш болосуз: Кимди тартуу керек? Ким мага жакшы кеңеш бере алат же өзгөчө идеялары менен бөлүшөт? Чечимди кабыл алуу үчүн жетиштүү түрдө колдоону кантип алсам болот? Өзүмдүн долбоорум менен идентификацияны кантип бекемдесем болот? Жана баардыгын бирге кантип чогулта алам? 
 +Тартылган адамдарын тобу канчалык чоң болсо, идеяларды жалпылоо же чечимдерди кабыл алуу процессин уюштуруу ошончолук кыйын болот. Ошентсе да, чечимдерди кабыл алуу жумушта да, саясатта да өйдөдөн ылдыйга карай кыскарат.   Катышуучулар болбостон кабыл алынган чечимдер көбүнчө алардын муктаждыктарына жооп бербейт,нааразычылыктарга алып келет жана долбоордун баасын жогорулатат.  
 +Санариптештирүү бирдиктүү процесстер жана туура чечимдерди биргеликте издөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондуктан биз онлайн-катышуу үчүн Сизге 6 себепти атагыбыз келип турат: Биз негизи эмне үчүн катышыбыз керек? Жана эмне себептен электрондук форматта? 
 +
 +===== Онлайн-катышуу... =====
 +===== #1 ... Сиздин жыйынтыктарыңызды жакшыртат! =====
 +
 +Эгерде Сиз идеяларды жана чечимдерди издөө үчүн башкаларга   кошулсаңыз жана адамдарга Сиздин чечимдериңизди кабыл алуу процесстерине катышууга уруксат берсеңиз, ал жыйынтыктарыңызды жакшыртууга  жардам берет. Катышуучулардын тобун кеңейтүү менен, Сиз жаңы билимдерди жалпылап, көрүнбөгөн көйгөйлөрдү чечип, инновацияларды колдоп тура аласыз. Башкалардын билимин колдонуу Сиздин кругозоруңузду кеңейтип, чечимдерге негизделип көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. 
 + 
 +===== #2 ... идентификацияга көмөкчү болот! =====
 +
 +Биздин багыт менен иш чөйрөсүн окшоштуруу биздин чыгармачыл жөндөмдөрүбүзгө тыгыз байланыштуу. Талкууларга жана бирдиктүү чечимдерге катыша алгандар көбүнчө биргеликте даярдалган максаттарды жана стратегияларды жүзөгө ашырууга катышат, ошондой эле  белгилүү болбогон чечимдерди чоң даярдыгы менен кабыл алмакчы. Натыйжада, талкуу жана чечимдерди кабыл алуу процесси демократиялык жетекчилик алдында жыйынтыктарды таанууну арттырат (негизги демократиялык баалуулуктар кабыл алынса). 
 +
 +===== #3...  биримдикти жана демократияны бекемдейт! =====
 +
 +Теманы чогуу талкуулоодо биздин өзүбүздүн идеяларыбыз жана ой-пикирлерибиз башка адамдар тарабынан талдоодон өтөт. Перспективанын мындай өзгөрүүсү эр жүрөктүктү талап кылат, ошол эле учурда башка перспективаларды түшүнүүгө көмөкчү болот. Ар түрдүү көз караштарды угуу жана бири-бирибиз менен сый мамиледе тартышуу мүмкүнчүлүгүнүн болгондугу демократиянын негизи жана биримдиктин  өбөлгөсү болуп саналат. 
 +
 +===== #4 ... катышуу үчүн шарттарды түзөт! =====
 +
 +Катышуунун санариптик форматтары убакыттан жана мейкиндиктен көз каранды эмес. Офлайн-форматты гана тандагандар белгилүү бир убакытта белгилүү бир жерде боло албаган адамдарды жоготуп алуу тобокелчилигине жакын. Анын себептери өтө көп! Ошондуктан идеяларды жалпылаштыруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерин онлайн режимде чоң топ менен бирге өткөрүү зарыл. Санариптик эмес форматтар бул процессти коштоо үчүн колдонулушу мүмкүн, анткени баардыгы эле Интернетте өзүн ыңгайлуу сезе бербейт жана анткени  сүйлөшүүнүн айрым учурларында бири-бирин жакындан көрүү  оң болот. 
 +
 +===== #5 ... ачык-айкындуулукту жана ишенимди жаратат! =====
 +
 +Жабык эшиктин аркасында чечимдерди кабыл алуу доору бүттү, эң оболу биз буга ишенебиз! Анткени айкын болбогон процесстер чечимдерди кабыл алган адамдарга ишенимдин жоголуусуна алып келип, чечимдерди кабыл алуу процессинин демократиялык легитимдүүлүгү боюнча күмөн жаратат. Катышуунун санариптик форматтары аркылуу сунушталган идеялар жана жүйөлөр жалпыга жеткиликтүү болууда. Катышуучулар талкуулоону көрүп байкап тура алат жана каалаган убакта процесске кире алат. Бул паракорчулук жана бийликтен кыянаттык менен пайдалануу үчүн жакшы кабар эмес. 
 +
 +===== #6 ... ийкемдүү жана масштабдалуучу! =====
 +
 +adhocracy+ сыяктуу санариптик аспаптар темалардын жана милдеттердин кенен алкагы үчүн ылайыктуу. Алардын жардамы менен Сиз тез арада жана жеңил түрдө катышуу процесстерин тууралап, аларды ийкемдүү түрдө  масштабдай  аласыз. Катышуучулардын саны чектелген эмес, жана керектүү жагдайда катышуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Үн системасын, жайды ижарага алуу, жабылуу убактысы такыр жок. Ар бири эле онлайн катыша албайт, бирок ар биринин билим алууга  күчү жетет. Бул Сиздин технологиялык процесстерди долбоорлоонун ыкмалары топтомуңузга мыкты кошумча болмокчу. 
  
ky/quickstart/why_participation.txt · Last modified: 2021/04/12 13:27 by l.thueer@liqd.net