User Tools

Site Tools


ky:quickstart:templates

This is an old revision of the document!


adhocracy+ бардык модулдары кыскача

Мээ чабуулу

Катышуучулар өзүнүн идеяларын сунуштай алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат.

Мисалы: Топтун кийинки чогулушунда кайсы теманы талкуулоо керек? Биздин район тууралуу кандай деп ойлойсуз?

Картадагы мээ чабуулу

Катышуучулар картада өзүнүн идеяларын жаза алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат. Мисалы: Райондун кайсы жеринде каршеринг түйүнүн ачуу керек? Шаардын кайсы жеринде велосипед тебүү өтө көөптуу?

Идеялар конкурсу

Биринчи фазада катышуучулар катышуучулар өзүнүн идеяларын тартуулай алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат. Экинчи фазада идеялар бааланат (макулмун/макул эмесмин).

Мисалы: Каржылоонун кийинки мөөнөтүндө кайсы долбоорлорду каржылоо керек? Жаңы жылдык кечеде эмне кылышыбыз керек?

Картада идеялар сынагы

Биринчи фазада катышуучулар картада өзүнүн идеяларын жаза алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат. Экинчи фазада идеялар бааланат (макулмун/макул эмесмин).

Мисалы: Эң кооз даракка ким кам көрөт жана бул үчүн экологиялык сыйлыкты алышы керекпи? Германиядагы экологиялык коопсуз долбоорлордун идеяларынын кайсынысы коомдун сыйлыктарына татышы керек?

Текстти карап чыгуу

Катышуучулар Сиз мурун кошкон абзац абзац боюнча берилген текстти талкуулай алат.

Мисалы: Жаңы миссия боюнча биздин сунуш тууралуу оюңуз кандай? Бул мыйзам долбоору боюнча эмне деп ойлойсуз?

Сурамжылоо

Катышуучулар жоопторунун алдын ала аныкталган варианттары менен бир же бир нече суроолорго жооп бере алат.

Мисалы: Катышуучулар шаардагы алкактык багыттоо жана көзү азиздердин жана начар көргөндөрдүн кыймылдап жүрүүсү маселелери боюнча шаардык адистер жана алардын кызматтары менен канчалык канааттанды? Даярдалган төрт лозунгдун ичинен кайсынысы жаңы болушу керек?

Жергиликтүү бюджетти коомчулуктук катышуусу менен кабыл алуу

Катышуучулар карточкага өзүнүн сунуштарын жана бюджетти жаза алышат. Башкалардын идеяларын талкуулоого жана баалоого болот (макулмун / макул эмесмин).

Мисалы: кичи район же шаар үчүн кандай долбоорлорду мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо оң?

Интерактивдүү иш-чара

Иш-чаранын катышуучулары онлайн режимде суроолорун бере алышат. Башка катышуучулар суроону колдой алат. Сиз модератор катары суроолорду колдоо жана таандыктыгы боюнча иргей аласыз.

Мисалы: Бул фазада Сиз сүйлөөчүлөргө же талкуунун катышуучуларына кандай суроо бересиз?

Артыкчылыктарды аныктоо

Катышуучулар Сиз сунуштаган идеяларды жана темаларды талкуулай алат жана баалай алат (макулмун / макул эмесмин). Катышуучулар өзүнүн идеяларын жана темаларын кошо албайт.

Мисалы: Кыймылды пландоонун төрт сценарийи тууралуу эмне деп ойлойсуз жана алардын кайсынысын тандайсыз? Биздин ассоциациянын бул 10 жетектөөчү принциптери тууралуу кандай ойлойсуз?

ky/quickstart/templates.1618221400.txt.gz · Last modified: 2021/04/12 09:56 by l.thueer@liqd.net