User Tools

Site Tools


ky:quickstart:intro

Мазмундуу онлайн-катышуунун 6 принциби

#1 Актуалдуу суроолорду бериңиз!

Жоопторун уккуңуз келген суроолорду гана бериңиз. Ошондо гана катышуу Сиз үчүн жана бардык катышуучулар үчүн дагы да баалуу болот. Сиз же долбоорлордун башка жетекчилери таасир берген тема боюнча суроолорду берүүнү унутпаңыз. Катышуучулар абалды жакшы нукка өзгөрткүсү келет, жыйынтыксыз катышуу ишенимден алыс кылып, кийинки катышуу процесстери үчүн тоскоолдуктарды жаратат.

#2 Бул эмне экендигин түшүндүрүңүз!

Долбоор эмне жөнүндө? Ал ким тарабынан жана эмне себептен демилгеленген? Катышуучулар тийиштүү жогорку деңгээлде катышууну каалап жана ишке ашыруусу үчүн алар бардык керектүү маалыматты алышы керек. Бул маалымат кыска жана түшүнүктүү болуусу шарт – жаргонсуз жана өтө узун сүйлөмдөрсүз. Графика жана сүрөттөр маалыматты жакшыраак түшүндүрүүгө жана жашоону кызыктуураак кылууга жардам берет.

#3 Катышуунун потенциалын калыптандырыңыз!

Катышуучуларга өзүнүн таасиринин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин билүү маанилүү. Натыйжада ким жана эмне чечет? Чечимдерди кабыл алуу процессинде катышуучулар кандай ролду ойнойт? Чечимдерди кабыл алуу ыйгарым укуктарына караганда ачык-айкындуулук маанилүү. Биздин демократиялык жана уюмдук структуралар көбүнчө чечимди ким кабыл аларын таңуулап келет. Бул ыйгарым укуктар боюнча күмөндү билдирүүгө болот, бирок ал процессте так даярдалышы керек.

#4 Башынан аягына чейин катышыңыз!

Мазмундуу катышуу – бул процесс, жөн гана нерсе эмес. Бир нерсени өтө тез сурап, андан кийин эч нерсени укпай каласызбы? Кандай гана көңүл калуучу нерсе! Катышуучулар өзүн долбоор менен канчалык жакындаткан сайын, ошончолук көбүрөөк сапаттуу кошумчалоону күтүүгө болот. Ошондуктан катышуучуларды алгачкы тапта тартуу жана аларды аягына чейин жеткирүү маанилүү. Онлайн-катышуунун жана офлайн-иш-чаралардын мыкты айкалышуусу. Башынан аягына чейин катышканда катышуу ийгиликтүү болот.

#5 Пиар кылыңыз!

Долбоор тууралуу эч ким билбесе, катышуунун мыкты концепциясы пайдасыз. Интернетке жетки акысыз болсо да, адамдар өзүнөн-өзү пайда болбойт. PR-машинаны иштетиңиз: социалдык тармактар, баракчалар, пресс-релиз, видеороликтер, тийиштүү иш-чараларда таанытуулар ж.б. Максаттуу топко кайрылуунун ыкмаларын жана каналдарын тандаңыз. Ал эми адамдарды мобилизациялагандан кийин алардын катышуусун улантып, колдоо көрсөтүңүз. Жаңылыктардын жакшы түзүлгөн жиберүүлөрү же «Кайрадан салам» жазуусу менен кат онлайн-талкууну колдой алат.

#6 Долбооруңузду модерациялаңыз!

Онлайн-талкуулар сабаттуу боло алабы? Биз көптөгөн терс учурларды билебиз. Ошентсе да, илимий изилдөөлөргө ылайык онлайн-талкуулар модерацияланса, сапаттуураак болот. Эгерде Сиз реакцияны күтсөңүз, Сиз салымыңызды башка ыкма менен кошуп жаткан болосуз. Нейтралдуу модератор талкууну байкап турушу керек жана тармактык этикет бузулган учурда кийлигишүүсү кажет. Жакшы модерация да суроолор боюнча жардам берип, темадан алыс болгон талкууларды баамдайт.  

ky/quickstart/intro.txt · Last modified: 2021/04/12 13:29 by l.thueer@liqd.net