User Tools

Site Tools


ky:quickstart:create_project

This is an old revision of the document!


adhocracy+ платформасында долбоорду иштетүү

1-кадам: Call Dashboard

Үстүңкү оң бурчтагы өзүңүздүн колдонуучу атыңызга басыңыз жана уюмду тандаңыз. Бул Сиз тиркелген уюмга дал келет.

1-сүрөт: adhocracy.plus башкы бети

#пайдалуу маалымат: Долбоордун демилгечилеринде гана дашбордго/башкаруу панелине жетки болот. Мында алар уюмунун тууралоосун өзгөртүп, долбоорлорунун серебин ала алат жана жаңы долбоорлорду түзө алат.

2-кадам: Жаңы долбоорду түзүү

«Жаңы долбоор» (“new project”) баскычына басыңыз, модулдардын тогуз үлгүсүнүн бирин тандаңыз. #пайдалуу маалымат: кийинчирээк Сиз долбоорго кошумча модулдарды кошсоңуз болот. Алар биринин аркасынан бири же параллелдүү түрдө активдүү болушу мүмкүн

2-сүрөт: adhocracy.plus модулдун мүнөздөмөсү

Эми Долбооруңуздун атын жана анын кыскача мүнөздөмөсүн жазыңыз. Экөө тең долбоордун камтылган терезесинде жана долбоордун аталышы жакта орун алат жана мүмкүн болушунча кыска жана кызыктуу болушу керек. Сиз ошондой эле аталыш үчүн жана долбоордун камтылган терезеси үчүн сүрөт жүктөсөңүз болот. Автордук укук тууралуу унутпаңыз!

Эң астында «Долбоордун дизайнын түзүңүз» (“Create project design”) баскычын басыңыз.

#пайдалуу маалымат: долбоордун URL-дареги баш сөздөн турат. Кийин Сиз аталышты өзгөртсөңүз болот, бирок URL өзгөрбөйт.

3-сүрөт: adhocracy.plus долбоор үзүү

3-кадам: Негизги тууралоону өзгөртүү жана милдеттүү тилкелерди толтуруу

Сиз негизги тууралоодогу долбоорго тийиштүү каалагандай маалыматты редакцияласаңыз болот. Эми кичинекей илеп белгиси коюлган бардык тилкелерди толтуруп чыгыңыз. Муну жасагандан кийин гана, Сиз долбоорду жарыялай аласыз. Оң жагында аткаруунун жүрүшү айлана түрүндө көргөзүлөт.

4-сүрөт: adhocracy.plus долбоорун тууралоо

  1. Маалымат: Өтүнүч, долбоор жана байланышуу үчүн адам тууралуу маалыматты жазыңыз. Сиз текстти форматтап, сүрөттөрдү жана шилтемелерди тиркесеңиз болот.
  2. Баскычтар: Баскычтарда Сиз долбооруңуз үчүн катышуу мезгилин жазып, бул баскычта колдонуучулар эмне кыларын мүнөздөйсүз. Айрым модулдар эки баскычтан турат, мисалы: идеялар конкурсу.
  3. Карта: Эгерде Сиз карта менен модулду тандасаңыз, идеяларды тартуулоо мүмкүн болгон долбоордун алкагын белгилеңиз. Сөзсүз түрдө сактап коюңуз!
  4. Документ: «Текстти талкуулоо» модулунда документиңизди тиркеңиз. Катышуучулар ар бир абзацка жана бөлүмгө пикир калтыра алат.
  5. Сереп: «Сереп» модулунда Сиз суроолоруңузду жана жооптордун варианттарын жазасыз. Ар бир суроо үчүн Сиз жооптун бир нече вариантынын болуп болбогондугун аныктай аласыз.

#пайдалуу маалымат: Белгиленгени боюнча тууралоодо Сиз чакырылган катышуучулар үчүн гана долбооруңузга жеткини койсоңуз болот (жабык долбоор). Ошондой эле өзүңүздүн веб-сайтка долбоорду тиркөөгө Сизге мүмкүнчүлүк берген кодду табасыз.

4-кадам: Алдын ала карап көрүү

Долбооруңуздун болжолдуу көрүнүшүн карап көрүңүз. Тема катышуучулар үчүн түшүнүктүүбү? Бул кызыктуу көрүнүп турабы?

ky/quickstart/create_project.1618220442.txt.gz · Last modified: 2021/04/12 09:40 by l.thueer@liqd.net