User Tools

Site Tools


ky:quickstart:create_project

This is an old revision of the document!


adhocracy+ платформасында долбоорду иштетүү

1-кадам: Call Dashboard

Үстүңкү оң бурчтагы өзүңүздүн колдонуучу атыңызга басыңыз жана уюмду тандаңыз. Бул Сиз тиркелген уюмга дал келет.

1-сүрөт: adhocracy.plus башкы бети

#пайдалуу маалымат: Долбоордун демилгечилеринде гана дашбордго/башкаруу панелине жетки болот. Мында алар уюмунун тууралоосун өзгөртүп, долбоорлорунун серебин ала алат жана жаңы долбоорлорду түзө алат.

2-кадам: Жаңы долбоорду түзүү

«Жаңы долбоор» (“new project”) баскычына басыңыз, модулдардын тогуз үлгүсүнүн бирин тандаңыз. #пайдалуу маалымат: кийинчирээк Сиз долбоорго кошумча модулдарды кошсоңуз болот. Алар биринин аркасынан бири же параллелдүү түрдө активдүү болушу мүмкүн

2-сүрөт: adhocracy.plus модулдун мүнөздөмөсү

Эми Долбооруңуздун атын жана анын кыскача мүнөздөмөсүн жазыңыз. Экөө тең долбоордун камтылган терезесинде жана долбоордун аталышы жакта орун алат жана мүмкүн болушунча кыска жана кызыктуу болушу керек. Сиз ошондой эле аталыш үчүн жана долбоордун камтылган терезеси үчүн сүрөт жүктөсөңүз болот. Автордук укук тууралуу унутпаңыз!

Эң астында «Долбоордун дизайнын түзүңүз» (“Create project design”) баскычын басыңыз.

#пайдалуу маалымат: долбоордун URL-дареги баш сөздөн турат. Кийин Сиз аталышты өзгөртсөңүз болот, бирок URL өзгөрбөйт.

ky/quickstart/create_project.1618220259.txt.gz · Last modified: 2021/04/12 09:37 by l.thueer@liqd.net