User Tools

Site Tools


ky:quickstart:create_project

Differences

This shows you the differences between two versions of the page.

Link to this comparison view

Both sides previous revisionPrevious revision
Next revision
Previous revision
ky:quickstart:create_project [2021/04/12 09:29] l.thueer@liqd.netky:quickstart:create_project [2021/04/12 09:43] (current) l.thueer@liqd.net
Line 4: Line 4:
 Үстүңкү оң бурчтагы өзүңүздүн колдонуучу атыңызга басыңыз жана уюмду тандаңыз. Бул Сиз тиркелген уюмга дал келет.  Үстүңкү оң бурчтагы өзүңүздүн колдонуучу атыңызга басыңыз жана уюмду тандаңыз. Бул Сиз тиркелген уюмга дал келет. 
  
-{{:ky:quickstart:bildschirmfoto_2021-04-12_um_11.22.56.png?600|}}+{{:ky:quickstart:2.png?600|}} 
 + 
 +1-сүрөт: adhocracy.plus  башкы бети 
 + 
 +#пайдалуу маалымат: Долбоордун демилгечилеринде гана дашбордго/башкаруу панелине жетки болот. Мында алар уюмунун тууралоосун өзгөртүп, долбоорлорунун серебин ала алат жана жаңы долбоорлорду түзө алат.  
 + 
 +===== 2-кадам: Жаңы долбоорду түзүү ===== 
 + 
 + «Жаңы долбоор» (“new project”) баскычына басыңыз, модулдардын тогуз үлгүсүнүн бирин тандаңыз.  
 +#пайдалуу маалымат: кийинчирээк Сиз долбоорго кошумча модулдарды кошсоңуз болот. Алар биринин аркасынан бири же параллелдүү түрдө активдүү болушу мүмкүн 
 + 
 + 
 +{{:ky:quickstart:bildschirmfoto_2021-04-12_um_11.24.46.png?400|}} 
 + 
 +2-сүрөт: adhocracy.plus  модулдун мүнөздөмөсү  
 + 
 +Эми Долбооруңуздун атын жана анын кыскача  мүнөздөмөсүн жазыңыз. Экөө тең долбоордун камтылган терезесинде жана долбоордун аталышы жакта  орун алат жана мүмкүн болушунча кыска жана кызыктуу болушу керек. Сиз ошондой эле аталыш үчүн жана долбоордун камтылган терезеси үчүн сүрөт жүктөсөңүз болот. Автордук укук тууралуу унутпаңыз!  
 + 
 +Эң астында «Долбоордун дизайнын түзүңүз» (“Create project design”) баскычын басыңыз.  
 + 
 +#пайдалуу маалымат: долбоордун URL-дареги  баш сөздөн турат. Кийин Сиз аталышты өзгөртсөңүз болот, бирок URL өзгөрбөйт.  
 + 
 +{{:ky:quickstart:bildschirmfoto_2021-04-12_um_11.32.02.png?400|}} 
 + 
 +3-сүрөт: adhocracy.plus  долбоор үзүү 
 + 
 +===== 3-кадам: Негизги тууралоону өзгөртүү жана милдеттүү тилкелерди толтуруу  ===== 
 + 
 +Сиз негизги тууралоодогу долбоорго тийиштүү каалагандай маалыматты редакцияласаңыз болот. Эми кичинекей илеп белгиси коюлган бардык тилкелерди толтуруп чыгыңыз. Муну жасагандан кийин гана, Сиз долбоорду жарыялай аласыз. Оң жагында аткаруунун жүрүшү айлана түрүндө көргөзүлөт.  
 + 
 +{{:ky:quickstart:bildschirmfoto_2021-04-12_um_11.33.58.png?600|}} 
 + 
 +4-сүрөт: adhocracy.plus долбоорун тууралоо  
 + 
 +  - Маалымат: Өтүнүч, долбоор жана байланышуу үчүн адам тууралуу маалыматты жазыңыз. Сиз текстти форматтап, сүрөттөрдү жана шилтемелерди  тиркесеңиз болот.  
 +  - Баскычтар: Баскычтарда Сиз долбооруңуз үчүн катышуу мезгилин жазып, бул баскычта колдонуучулар эмне кыларын мүнөздөйсүз. Айрым модулдар эки баскычтан турат, мисалы: идеялар конкурсу.  
 +  - Карта: Эгерде Сиз карта менен модулду тандасаңыз, идеяларды тартуулоо мүмкүн болгон долбоордун алкагын белгилеңиз.  Сөзсүз түрдө сактап коюңуз!  
 +  - Документ: «Текстти талкуулоо» модулунда документиңизди тиркеңиз. Катышуучулар ар бир абзацка жана бөлүмгө пикир калтыра алат.  
 +  - Сереп: «Сереп» модулунда Сиз суроолоруңузду жана жооптордун варианттарын жазасыз. Ар бир суроо үчүн Сиз жооптун бир нече вариантынын болуп болбогондугун  аныктай аласыз.  
 + 
 + 
 +#пайдалуу маалымат: Белгиленгени  боюнча тууралоодо Сиз чакырылган катышуучулар үчүн гана долбооруңузга жеткини койсоңуз болот (жабык долбоор). Ошондой эле өзүңүздүн веб-сайтка долбоорду тиркөөгө Сизге мүмкүнчүлүк берген кодду табасыз.  
 + 
 +===== 4-кадам: Алдын ала карап көрүү ===== 
 + 
 +Долбооруңуздун болжолдуу көрүнүшүн карап көрүңүз. Тема катышуучулар үчүн түшүнүктүүбү? Бул кызыктуу көрүнүп турабы?  
 + 
 +{{:ky:quickstart:bildschirmfoto_2021-04-12_um_11.28.29.png?600|}} 
 + 
 +5-сүрөт: adhocracy.plus  долбоорун алдын ала карап көрүү 
 + 
 +===== 5-кадам: Долбоорду жыйынтыктоо  ===== 
 + 
 +Эми Сиз техникалык жактан милдеттүү болбогон, бирок долбоорду жакшырта турган жана катышуучуларга көбүрөөк маалымат бере турган тилкелерди толтурсаңыз болот:  
 +  - Жыйынтыктар: Долбоордун башында алынган жыйынтыктарды эмне кыларыңызды түшүндүрүңүз. Долбоордун аягында Сиз жыйынтыктар тууралуу билдирсеңиз болот. Унутпаңыз: адамдар идеялары эмне болорун билсе, көбүрөөк катышкысы келет.  
 +  - Окуялар: Бир же бир нече (офлайн) окуяны кошсоңуз болот. Долбоордо эми убакыт шкаласы көрүнүп турат.  
 +  - Модераторлор: Башында белгиленген боюнча алар модерация катары көрсөтүлөт. Мында Сиз модерацияны бир же бир нече адамга өткөрүп бере аласыз.  
 +  - Категориялар: Категориялар Сизге жана катышуучуларга материалдарды бөлүштүрүүгө жана иргөөгө жардам берет. Сиз категорияларды аныктаганда, катышуучулар өзүнүн идеясын категорияга коюшу керек. Карта менен модулдар үчүн Сиз ар бир категория үчүн ар түрдүү байланыш адамдарын дайындасаңыз болот. «Интерактивдүү иш-чара» модулунда категориялар модераторго талкууну көбүрөөк инклюзивдүү кылууга жардам берет.  
 +  - Өзгөчөлүктөр: Мүнөздөмө – Сиз алдын ала аныктай турган жана катышуучулар тарабынан көптүк тандоо катары тандалган, мисалы: болжолдуу чаралар, идеяларга кошумча бөлүктөр.  
 +  - Модулдагы/көп модулдагы  базалык тууралоо: Эгерде долбоордо параллелдүү түрдө бир нече модуль иштесе гана бул көрүнүп турат. Башында белгиленген боюнча модулдун кыскача мүнөздөмөсү долбоордун кыскача мүнөздөмөсүнө дал келет.  
 + 
 +===== 6-кадам: Долбоорду жарыялоо ===== 
 + 
 +Дагы бир жолу долбооруңузду алдын ала карап көрүңүз. Сизге жактыбы? Анда Сиз долбооруңузду дароо азыр жарыяласаңыз болот.  
ky/quickstart/create_project.1618219797.txt.gz · Last modified: 2021/04/12 09:29 by l.thueer@liqd.net