Жыйынтыктарды жарыялоо

Долбоор өтө көп катышуучу катышканда эле ийгиликтүү болуп эсептелбейт. Катышуучулар үчүн өзүнүн катышуусу менен кырдаалды өзгөртө алгандыгы маанилүү. Ошондуктан Сизге төмөнкүлөрду жасоо зарыл:

  1. жыйынтыктарды же жыйынтыктардын корутундусун/талдоосун жарыялап, төмөнкү кадамдарды мүнөздөө;
  2. чечимдерди кабыл алган адамдарга жыйынтыктарды өткөрүп берүү (коомчулук менен байланыш боюнча иш менен);
  3. кабыл алынган чечимдер тууралуу катышуучуларга маалымат берүү.

Жыйынтык тууралуу бардык маалымат «Жыйынтыктар» бөлүмүнө чыгарылышы керек. Мындан сырткары, Сиз долбооруңузга байкоо жүргүзүп келгендерге маалыматтык катты (жаңылыктарды таркатып жиберүү) жиберсеңиз болот.