====== adhocracy+ бардык модулдары кыскача ====== ===== Мээ чабуулу ===== {{:de:quickstart:icon_brainstorming_a_.png?200|}} Катышуучулар өзүнүн идеяларын сунуштай алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат. **Мисалы**: Топтун кийинки чогулушунда кайсы теманы талкуулоо керек? Биздин район тууралуу кандай деп ойлойсуз? ===== Картадагы мээ чабуулу ===== {{:de:quickstart:icon_spatialideacollection_a_.png?200|}} Катышуучулар картада өзүнүн идеяларын жаза алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат. **Мисалы**: Райондун кайсы жеринде каршеринг түйүнүн ачуу керек? Шаардын кайсы жеринде велосипед тебүү өтө көөптуу? ===== Идеялар конкурсу ===== {{:de:quickstart:icon_agendasetting_a_.png?200|}} Биринчи фазада катышуучулар катышуучулар өзүнүн идеяларын тартуулай алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат. Экинчи фазада идеялар бааланат (макулмун/макул эмесмин). **Мисалы**: Каржылоонун кийинки мөөнөтүндө кайсы долбоорлорду каржылоо керек? Жаңы жылдык кечеде эмне кылышыбыз керек? ===== Картада идеялар сынагы ===== {{:de:quickstart:icons_spatialchallenge_a_.png?200|}} Биринчи фазада катышуучулар картада өзүнүн идеяларын жаза алат жана башкалардын идеяларын талкуулай алат. Экинчи фазада идеялар бааланат (макулмун/макул эмесмин). **Мисалы**: Эң кооз даракка ким кам көрөт жана бул үчүн экологиялык сыйлыкты алышы керекпи? Германиядагы экологиялык коопсуз долбоорлордун идеяларынын кайсынысы коомдун сыйлыктарына татышы керек? ===== Текстти карап чыгуу ===== {{:de:quickstart:icon_textcommenting_a_.png?200|}} Катышуучулар Сиз мурун кошкон абзац абзац боюнча берилген текстти талкуулай алат. **Мисалы**: Жаңы миссия боюнча биздин сунуш тууралуу оюңуз кандай? Бул мыйзам долбоору боюнча эмне деп ойлойсуз? ===== Сурамжылоо ===== {{:de:quickstart:icon_poll_a_.png?200|}} Катышуучулар жоопторунун алдын ала аныкталган варианттары менен бир же бир нече суроолорго жооп бере алат. **Мисалы**: Катышуучулар шаардагы алкактык багыттоо жана көзү азиздердин жана начар көргөндөрдүн кыймылдап жүрүүсү маселелери боюнча шаардык адистер жана алардын кызматтары менен канчалык канааттанды? Даярдалган төрт лозунгдун ичинен кайсынысы жаңы болушу керек? ===== Жергиликтүү бюджетти коомчулуктук катышуусу менен кабыл алуу ===== {{:de:quickstart:icon_buergerhaushalt_a_.png?200|}} Катышуучулар карточкага өзүнүн сунуштарын жана бюджетти жаза алышат. Башкалардын идеяларын талкуулоого жана баалоого болот (макулмун / макул эмесмин). **Мисалы**: кичи район же шаар үчүн кандай долбоорлорду мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо оң? ===== Интерактивдүү иш-чара ===== {{:de:quickstart:icon_livediscussion_a_.png?200|}} Иш-чаранын катышуучулары онлайн режимде суроолорун бере алышат. Башка катышуучулар суроону колдой алат. Сиз модератор катары суроолорду колдоо жана таандыктыгы боюнча иргей аласыз. **Мисалы**: Бул фазада Сиз сүйлөөчүлөргө же талкуунун катышуучуларына кандай суроо бересиз? ===== Артыкчылыктарды аныктоо ===== {{:de:quickstart:icon_priorization_a_.png?200|}} Катышуучулар Сиз сунуштаган идеяларды жана темаларды талкуулай алат жана баалай алат (макулмун / макул эмесмин). Катышуучулар өзүнүн идеяларын жана темаларын кошо албайт. **Мисалы**: Кыймылды пландоонун төрт сценарийи тууралуу эмне деп ойлойсуз жана алардын кайсынысын тандайсыз? Биздин ассоциациянын бул 10 жетектөөчү принциптери тууралуу кандай ойлойсуз? ===== Дебаттар ===== {{:en:quickstart:icon_debate_a_.png?200|}} Катышуучулар жарыяланган темалардын бирин же бир нечесин талкуулай алышат. Дебатты түзүш үчүн, жооптор категорияга бөлүнүп, изделип, иргелип, чыпкаланат. **Мисалы:** Тегел аэропорту жабылышы керекпи? Биздин ассоциация жаштарга көбүрөөк багыт алышы керекпи?